АКШ Иранга сокку урду. Иран Ирак менен Иорданиядагы америкалык базаларга чабуул жасады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Иран АКШнын Ирак, Иордания, Бахрейн жана Кувейттеги аскердик базаларына сокку урду. АКШ аскерлери андан мурдараак, тактап айтканда шейшемби күнү Иранга чабуул жасаган.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы Иранга каршы жаңы соккулар түшкү саат 12:00дө АКШнын Чыгыш жээгинин убактысы боюнча (Гринвич убактысы боюнча 16:00дө) башталганын билдирген.
"Бул соккулар Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге жана аймакта жайгашкан америкалык аскер кызматкерлерине жакында жасаган чабуул аракеттеринен кийин болду", — деп айтылат Борбордук командачылыктын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Ал эми Ирандагы Кызыл Жарым Ай коому АКШнын ракеталык соккусунан беш адам, анын ичинде бир бала каза болгонун билдирди. Сыныктар Ирандын түштүгүндөгү Сирик шаарындагы турак үйгө түшкөн. Ошол учурда ал жерде үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан.
АКШ аскерлери бул маалыматтардан кабардар экенин, бирок жарандарга эч качан атайылап сокку урбай турганын билдиришти.
АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social тармагындагы билдирүүсүндө, америкалык аскерлердин Иранга жасаган соккулары Тегерандын Ормуз кысыгына жаңы миналарды коюуга жана Иорданиядагы америкалык базага сегиз ракета менен чабуул жасоого аракет кылганына жооп экенин билдирди. Трамптын айтымында, Ирандын бул эки аракети тең ишке ашпай калган.
Трамп эгер Иран бул жолу да жооп кайтарууну чечсе, АКШ өлкөгө жаңы соккуларды урарын, алар "алда канча күчтүү жана жогорку деңгээлде" болорун эскертти.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ бул жаңы соккулары үчүн өкүнөрүн билдирди. Ал эми Ирандын маалымат агенттиктери аймактагы америкалык аскердик базаларга жооп иретиндеги ракеталык жана дрондук чабуулдар башталганын кабарлашты.
Ирандын соккулары тууралуу эмне белгилүү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ирандын жарым-жартылай расмий Tasnim маалымат агенттигинин маалыматына караганда, шаршемби күнү таңга маал Иран Иорданиянын Акаба шаарындагы АКШнын деңиз жөө аскерлеринин базасына баллистикалык ракеталар менен кеңири сокку урган.
Иорданиянын Куралдуу күчтөрү 13 баллистикалык ракетаны кармап калганын билдирди. Алардын 10у абада жок кылынган, калган үчөө калк аз жашаган аймактарга түшкөн. Каза болгондор жана жаракат алгандар болгон эмес.
Мындан тышкары, Кувейттин армиясы шаршембинин таңында абадан коргонуу системалары Ирандын ракеталык соккуларына каршы иштегенин маалымдады.
Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Бахрейнде да бир нече жарылуу болгонун кабарлашты.
IRNA маалымат агенттиги болсо Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын автономдуу аймагы болгон Күрдстандагы америкалык базаларга сокку урганын, анын натыйжасында техникалык тейлөө борбору, кампалар жана аскердик жабдуулар жок кылынганын билдирди.
Корпус ошондой эле Ормуз кысыгында эки танкер деңиз миналарына урунуп, кеме каттамы токтогонун маалымдады.
Аптанын башында АКШ июль айынан бери биринчи жолу Ирандагы буталарга сокку урган. Атап айтканда, Ормуз кысыгындагы Ларак аралында жайгашкан эки ракета учуруучу жайды бутага алынган. Буга жооп кылып, Иран Иорданиядагы аскер-аба базаларына абадан чабуул жасап, Бириккен Араб Эмираттарына бир учкучсуз учак менен сокку урган.
Ирандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, АКШ Ирандын түштүгүндөгү Оман булуңунун жээгинде жайгашкан Чабахар жана Конарак портторунун аймагына, атап айтканда, төрт ракета менен сокку урган.





























