Путин: Армения бир эле учурда ЕБ менен ЕАЭБге мүчө боло албайт

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Армения бир эле учурда Евробиримдике жана ЕАЭБге мүчө боло албайт. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 1-сентябрда Бишкекте орусиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин орус басылмалары жазышты. Путин муну эки биримдиктин эрежелери бири-бири менен шайкеш келбей турганы менен түшүндүргөн.

Армениянын Евробиримдикке жакындашуу аракети Орусия менен Еревандын мамилелериндеги негизги тема болуп турат.

1-сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жолугушкан. Анда тараптар Армениянын ЕБге ыктымал мүчөлүгү жана өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) келечеги тууралуу сүйлөшкөн.

Путин өлкөнүн мындан аркы саясий-экономикалык багытын тандоо боюнча Армения эли өз оюн так билдириши керектигин дагы бир жолу кайталаган.

"Дагы бир жолу кайталап айтам: биз армян эли кандай гана чечим кабыл албасын, урмат менен мамиле кылабыз. Армения кандай чечим кабыл алса, ошондой болот. Бирок биз да өз соода-экономикалык саясатыбызды мүмкүн болгон чечимдерге жараша өзгөртүшүбүз керек. Ошондуктан сиздерден бул маселеде мүмкүн болушунча тезирээк аныктама берүүнү өтүнөт элек", - деген Путин.

Орусия президенти Армения ЕАЭБдин алкагында экономикалык артыкчылыктарга ээ экенин белгилеп жатат.

Армениянын өкмөт башчысы Пашинян болсо Ереван азырынча ЕАЭБден чыгуу боюнча расмий билдирүү жөнөтпөгөнүн айтты. Анын пикиринде, Армения ЕБ менен кызматташуунун бекемдөөгө аракет жасап жатат, бирок бул ЕАЭБдеги милдеттенмелерден баш тартууну билдирбейт.

"Эгерде өлкө Евразия экономикалык биримдигинен чыгуу чечимин кабыл алса, анда бул тууралуу өнөктөштөрүнө алдын ала, алты ай мурда маалымдоого тийиш. Менимче, биз бул кырдаалга дал ушул көз караштан карашыбыз керек. Азыркы учурда биз өнөктөштөрүбүзгө Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга ниеттенип жатканыбыз тууралуу маалымдай элекпиз", - деди ал.

Никол Пашинян Армения Еврошаркетке кошулуу жана Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү боюнча маселеге байланыштуу референдум өткөрбөй турганын айтып жатат. Пашияндын айтымында, мындай референдумду Ереван Евробиримдикке расмий арыз тапшырып, оң жооп алгандан кийин өткөрсө болот.

Армения парламенти буга чейин өлкөнүн ЕБге мүчөлүк процессин баштоо тууралуу мыйзам кабыл алган. Бул чечим Еревандын европалык интеграцияга карай багытын расмий деңгээлде бекемдеген кадам катары каралууда.

Бирок мыйзамдын кабыл алынышы Армения автоматтык түрдө ЕБге мүчө болот дегенди билдирбейт. Мүчөлүк өзүнчө узак жол-жоболорду талап кылат.

Никол Пашинян Армения жакында Евробиримдикке кошулуу боюнча расмий арыз берүү жараянын баштай турганын 24-августта парламентте билдирген.