Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Ак ийилбейт дагы, сынбайт дагы". Ташиевдин соту кайра жабык өтөт
УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын сотун кайрадан жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.
22-июндагы соттук отурумда прокурорлор жараянды жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Буга алар журналисттердин катышуусу соттук отурумга тоскоолдук кылып жатканын негиз келтиришти. Жабык өткөрүүнү айрым айыпталуучулар колдосо, башкалары каршы чыкты. Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдой турганын айтышты. Ал эми айыпталуучу Курсан Асанов буга каршы экенин билдирип,ачык өткөрүүнү талап кылды. Судья аны тартип бузду деп, сот залынан чыгартып салды.