Кыргыз-кытай алакасынын "алтын доору" башталдыбы?

Видеонун түшүндүрмөсү, Кыргыз-кытай алакасынын "алтын доору" башталдыбы?
Кыргыз-кытай алакасынын "алтын доору" башталдыбы?
Published

Кытай лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон үчүнчү мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул сапарында кытай лидери менен кыргыз өкмөтү отуздай маанилүү документке кол койду. Алардын ичинен эң эле маанилүүсү түбөлүк коңшулук жөнүндө саясий келишим жана "Бедел" өткөрмө бекети аркылуу чек ара көпүрөсүн куруу боюнча документ.