Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Баалар өсүүдө. Бензин маселеси кантип чечилет?
Баалар өсүүдө. Бензин маселеси кантип чечилет?
Published
Кыргызстан бир жылда 2 млн тонна мунайзатын керектесе, анын 90% ашуунун Орусиядан импорттоп келген. Буга чейин Орусиядагы соңку кырдаалдардан улам өлкөгө бензин ташуу дээрлик токтогондугу айтылган. Энергетика министри Алтынбек Рыспековдун 21-июлда айтканына караганда, Кытайдан күйүүчү май келе баштады. Беларустан да келет деп күтүлүүдө. Би-Би-Си Бишкекте абал кандай экенин айдоочулардан сурап көрдү.