Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Шаханов: Айтматовдой сырдашым да, муңдашым да болгон жок
Published
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу Мухтар Шаханов калемдеш катары да ага-ини катары да өтө ынак мамиледе болгон. Экөө биргелешип жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” китеби окурмандардын кыйырына тараган.
Кабарчыбыз Абдыбек Казиев Мухтар Шаханов менен болгон жолугушуусунда Айтматов менен кандай жагдайда учурашкансыз деп сураган.