ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары. "Бишкек Аренада" жыйырмага чукул өлкөнүн лидерлери чогулат

Сүрөттүн булагы, official
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинe жана Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Бишкекте жыйырмага чукул өлкөнүн лидерлери чогулууда.
Бүгүн, 31-августта Бишкекте жаңы салынган 51 миң орунду "Бишкек Арена" стадионунда Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болот. Ага он жети өлкөнүн лидерлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышары күтүлүп жатат.
Күн мурун, 30-августта Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан келген.
Кытайдын лидери Си Цзинпинди "Манас" аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алган. Ал Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген болчу.
Бүгүн, 31-августта Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, акыркылардан болуп Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Беларустун президенти Александр Лукашенко келди.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор да конок катары келишти.
Гуттериштин сапары, Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси

Сүрөттүн булагы, official
Бүгүн президент Садыр Жапаров Кытай делегациясы менен болгон мамлекеттик иш-чарадан кийин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Президенттик администрация тараткан маалыматка караганда, президент Антониу Гутерришке чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоолуу аймактарга жана климатка байланыштуу демилгелерди дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып баруусуна бурулду.
"Мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи.
Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот", - деп айтылат маалыматта.
Сержио Гордун сапары, виза маселеси

Сүрөттүн булагы, president.kg
Садыр Жапаров буга улай АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Горду кабыл алды
Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Расмий маалыматта өзгөчө көңүл "Борбордук Азия + АКШ" (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулганы, 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашканы айтылат.
Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө "В5+1" платформасынын ролу белгиленген.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарга карата виза талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурган.
"Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык чечимдерди издөө, анын ичинде визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана тиешелүү чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду", - деп жазылган билдирүүдө.
Элчи Сержио Гор Садыр Жапаровдун сунуштарын колдогону, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиргени белгиленген.
Кыргызстан-Вьетнам кызматташтыгы

Сүрөттүн булагы, president.kg
Садыр Жапаров Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан менен да жолугушту.
Садыр Жапаров Во Тхи Ань Суандын сапары кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, туристтик, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айткан.
Өз кезегинде Во Тхи Ань Суан Кыргызстан Вьетнамдын Борбордук Азиядагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын билдирген.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштардын жана туризмдин элдер ортосундагы достукту бекемдөөдөгү маанисине токтолуп, конструктивдүү диалогду мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Жолугушуунун алкагында, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн энергетика эана шаардык инфраструктура тармагында долбоорлорду ишке ашырып жаткан "Рокс Груп" компаниясынын жетекчиси Чань Ань Туан "Достук" ордени менен сыйланды.
Лаос президентинин сапары, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен алака

Сүрөттүн булагы, president.kg
Садыр Жапаров Лаостун Президенти Тхонглун Сисулит менен да жолугушту.
Кыргызстандын президенти бул жолугушуу өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенине токтолуп, Кыргыз Республикасы менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп жатканын айтты.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен алакаларды чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы менен эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдирди.
Индия премьер-министринин сапары, медицина жаатындагы кызматташтык

Сүрөттүн булагы, president.kg
Саммиттин алдында Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.
Тараптар эки жактуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүккө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүүнү жандандырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Расмий маалыматка караганда, Садыр Жапаров кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ артыкчылыктуу багыттар катары билим берүү, саламаттык сактоо, фармацевтика жана IT-технологиялар жааттарын атады.
Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер аралык мамилелердин ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.
Нарендра Моди расмий Дели өз ара пайдалуу кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого толук даяр экенин ырастады.
Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Того Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен дагы жолушууларды өткөрдү.
































