You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зеленский "Орусиянын асманы жабыларын" эскертти, Путин муну террорчулук деп баалады
1-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аба мейкиндигинде коопсуз аймактар калбаганын билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин муну "мамлекеттик террорчулук тууралуу билдирүү" деп атап, фронттун сызыгы боюнча өз көз карашын кайрадан кайталап, алдыдагы мобилизация тууралуу имиштерди кескин четке какты.
"Бүгүн биз Орусиянын аба мейкиндигин колдонгон ар бир авиакомпанияны, ар бир камсыздандыруучуну, мурдагыдай эле Орусиянын негизги аэропортторун колдонгондордун бардыгын эскерткибиз келет: Орусиянын аба мейкиндиги кооптуу болуп баратат", - деди Зеленский 1-сентябрда.
"Орусиянын асманында дрондор учуп жүрөрүн эске алыш керек. Орус бийлиги бул тууралуу тийиштүү түрдө айтпай жатса да, Орусиянын асманы де-факто жабылат: Орусия баштаган согуш анын аба мейкиндигин жабууда", - деп кошумчалады ал.
Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен кийин Владимир Путин Зеленскийдин билдирүүсүнө комментарий берди.
"Мен мындай билдирүүлөрдү уккан жокмун, бирок эгерде бул сөздөр ачык айтылса, анда муну мамлекеттик террорчулук тууралуу билдирүү катары бааласа болот", - деди Путин.
Украина Орусиянын асманын "жаба алабы"?
Би-Би-Синин Орус кызматынын аскердик серепчиси Павел Аксенов түшүндүрөт:
Зеленскийдин Орусиянын аба мейкиндигин жарандык авиациянын учактары үчүн жабуу тууралуу коркутуусу курулай эмес. Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аэропортторду аралыктан эле "жаап коюу" мүмкүнчүлүктөрү өтө көп.
Бул үчүн Украина учактарга же аэропортторго чабуул койбосо деле болот. Ар бир аэропорт анын аймагында украиналык дрон пайда болор замат жабылууда. Мындай кырдаалда "Килем" планы киргизилип, учуулар толугу менен токтотулуп, ал эми абадагы учактар чукул арада бул аймактан чыгып кетүүгө тийиш. Украинанын алыска учкан дрондорунун саны артып, мындай операциялар үчүн ресурстар да барган сайын көбөйүүдө.
Зеленский өз билдирүүсүндө "Украина жарандык авиацияга, бир дагы жарандык учакка коркунуч келтирбейт" деп баса белгиледи. Бирок баары бир бул өтө тобокелчиликтүү тактика. Себеби, дрондор менен жүргүнчү ташыган учактар бир асманда такыр болбошу керек. Мында учурда ката кетирип алуу ыктымалдыгы жогорулайт.
"Жаралуу жер аярлуу болот" демекчи, диспетчерлерден жана учкучтардан баштап, абадан коргонуу системаларынын эсептөөлөрүнө чейин ар кайсы жерден ката кетиши мүмкүн. Мындай окуя 2024-жылдын декабрь айынын соңунда болгон: Грозныйдын үстүнөн учуп бараткан Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагын Орусиянын абадан коргонуу системасы жаңылыштык менен атып алган. Учак Казакстанда кулап, 38 адам каза тапкан.
Владимир Зеленскийдин билдирүүсү – бир нече күндөн бери Киевди тынымсыз аткылап жаткан Орусиянын чабуулуна жооп. Бул чабуулдар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын соода кемелерине, мунай өнөр жайынын объектилерине жана маркетплейстердин кампаларына каршы өнөктүгүнө жасалган реакция болду.
Сүйлөшүүлөр жанданабы?
Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Путин украин тарап сүйлөшүүлөрдү жандандыруу мүмкүнчүлүгүн издеп жатканын билдирди.
Мунун алдында АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Украинанын президенти Зеленский сүйлөшүүлөр "жакшы" өткөнүн айтты.
Ушул эле күндөрү Түндүк Каролинада G20 өлкөлөрүнүн финансы министрлеринин саммитинде АКШнын финансы министри Скотт Бессент жана Орусиянын финансы министри Антон Силуанов жолугушту. Америка тарап сүйлөшүүнүн негизги темасы Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу болгонун билдирди. Орусия тарап "финансылык трек боюнча өз ара байланыш маселелери" талкууланганы тууралуу билдирүү менен чектелди.
Reuters, Politico жана Axios агенттиктеринин маалыматы боюнча, Силуанов Бессенттен эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктары тууралуу сураганда, ал сөзүн бөлүп, "согуш бүтмөйүнчө эч нерсе мүмкүн эмес" деп айткан.
Сүйлөшүүлөр тууралуу кептер ЦРУнун директору Жон Рэтклиффтин августтун аягында Москвага сапарынан кийин жанданды, бул толук масштабдуу согуш башталгандан бери америкалык чалгын кызматынын башчысынын биринчи сапары болду.
Рэтклифф орусиялык аткаминерлер менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнү так белгисиз. "Агенттиктин" булагынын маалыматына ылайык, ЦРУнун директору Путиндин өзү менен да жолугушмак, бирок ал Рэтклиффтин максаты Москваны согушту токтотуу тууралуу мүмкүн болушунча тезирээк макулдашууга көндүрүү экени белгилүү болор замат жолугушуудан баш тарткан.
Путин Орусияда мобилизация темасына да токтолду. Мобилизация сентябрда Мамлекеттик Думага шайлоо өткөндөн кийин башталышы ыктымал деген имиш кептерге Путин "Бул болбогон сөз. Бул – Орусияга карата маалыматтык чабуул", - деп жооп кайтарды.
Буга кошумча Путин орус армиясынын ийгиликтерине да токтолду. Путин орус аскерлери Сумага жакындап калганын, ал эми Харьков облусунда августта 14 калктуу конуш, анын ичинде Святогорск (бул шаар формалдуу түрдө Донецк облусуна карайт – ал Донецк, Харьков жана Луганск облустарынын кесилишинде жайгашкан) орусиялыктардын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди.
Владимир Путин кайрадан Святогорск шаарын "алды"
Би-Би-Синин Орус кызматынын атайын кабарчысы Илья Барабановдун комментарийи:
ШКУнун Бишкектеги саммитинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында президент Владимир Путин фронт сызыгы кайсы жерден өтүп жатканы тууралуу өз пикирин кайталады.
Мисалы, ал орус армиясы Донецк облусундагы Святогорск шаарын кайрадан өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Святогорск шаарын Орусиянын армиясы 2022-жылы басып алганы чын, андан кийин ошол эле жылдын күзүндө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Харьковдогу контрчабуулунда бул шаар Украинанын көзөмөлүнө кайтарылган.
Учурда бир дагы бейтарап карта, мисалы Deepstate же америкалык "Согушту изилдөө институту" фронттун сызыгы Святогорск шаарына жакындаганын көрсөткөн жок.
Тескерисинче, акыркы убакта аскердик талдоочулар орус армиясы фронттун ошол жердеги Лиман тилкесинде айрым бир көйгөйлөргө туш болуп жатканын жазышууда.
Ал тургай, Владимир Путин фронттун башка тилкелериндеги кырдаалга комментарий берип жатып, орус армиясы Сума шаарынын айланма жолуна жетиши үчүн 12 чакырым гана калганын айтты.
Июндун аягында Путин бул багытта аскерлерге 10,5 чакырым жол калганын айткан болчу.
Ал ошондой эле Орусияда Думага шайлоодон кийин мобилизациянын жаңы толкуну башталары тууралуу имиштерди "сандырак кеп" деп атады. Орусияда 2022-жылы кабыл алынган жарым-жартылай мобилизация жөнүндө жарлык күчүн жогото элек. Ошол себептен мындай саясий чечим кабыл алынган күндө да жаңы толкун үчүн орус бийлиги эч кандай жаңы укуктук актыны кабыл алып отурбайт. (ZMa)