Президенттин Ширшов боюнча билдирүүсү, коомдогу талкуулар

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Токтогул районунун тургундары 24-октябрда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда энергетика боюнча суроолорду көтөрдү. Өзүн Чыңгыз деп тааныштырган тургун элге электр энергиясын чектөөнүн ордуна майнинг компаниялары көзөмөлдөөгө чакырды.

"Садыр Нургожевич, бизге 5 киловатт-саат деген чектөө койдуңуздар. ГЭСтерди майнинг фирмаларына берип жатасыздар. Элдин айтуусу боюнча, Ширшов деген бар экен. Ошонун майнинг фирмасына электр энергиясы берилип жатыптыр. Учурда элдин талабы ушундай болуп жатат. Майнинг фирмаларга бербей, бизге 8-10 киловаттка чейин берсеңиздер болбойбу?",- деди ал.

Суроого жооп берип жатып, Жапаров Алексей Ширшов тууралуу кеңири маалымат берди. Ал энергетикадан тартып маданий тармакка чейинки каражат бөлгөнүн, Кыргызстан Ширшовду жана анын олигарх досторун алдап-соолап акчасын алып жатканын кошумчалады.

"Эми мына санагыла, Чолпон-Атада жайгашкан "Барс" туристтик жайына 100 млн. доллар, Караколго 100 млн. доллар, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн. доллар тарыхый объектилерди оңдоп-түзөөгө 100 млн. доллар, андан ташкары 30 млн. долларды майнингге берип жатат. Ал мамлекеттин менчиги болуп калат. Мамлекет 10-15 жыл иштетеби, ал жерден пайда түшөт. Кыргызда жакшы сөз бар го "Атаң алтымышка чыкканча алдап-соолап күчүн ал" деген. Аны алып келип, баягыдай кылып камап коюп, "кус" десек, 300 млн. доллар эмес, 3 млн. доллар да куспайт. "Мен апапакмын" деп отура берет. Андан көрө алдап, далысына чаап: "Ой, сен бай экенсиң, бай досторуң бар экен деп, элдин пайдасына иштете бербейлиби",- деди Жапаров.

Алексей Ширшов 2010-жылга чейин Кыргызстандын энергетика тармагында "көмүскө кардинал" катары аталып келген.

Ал мурдагы президенттер Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен үзөңгүлөшү болгону айтылып жүрөт.

Мындан улам, соңку жылдары Ширшовдун Кыргызстанда кайрадан активдеше башташы коомчулукта бир катар суроолорду жаратууда.

"Мен "Түндүкэлектродо" директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштегем, Ширшовдун кылыктарын жакшы билем. Мен билген анын кылыктары толтура. Ошондой кишини бүгүн элге жарыялап, жардам берип жатпайбы деген бул болбогон иш. Мен жаран катары да, адис катары да буга макул эмесмин. Убагында анын өзүнүн тобу бар болчу. Ал команда мурда энергетиканын ичинде жүргөн. Энергетиканы тоноп, ошол аркылуу акча жасап келишкен. Ал эми бүгүн башка тармактарга кирди. Чиновниктер Ширшов дегенде эле "лаппай" деп калышты. Президент ушинтип айтып жатса, жалпы чиновниктер Ширшов келе жатканда шапкесин колуна алып, жүгүнүп турушу керек дегендей болуп калды. Бүгүн маселе ушундай абалга келип жетти",- деди энергетикалык эксперт Сапарбек Аргымбаев.

Быйыл жыл башында Ширшовдун кыргыз-орус өкмөттөрүнүн энергетикалык сүйлөшүүлөрүнө катышканы тууралуу кабар коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Сентябрда ал Караколдо өзү түзгөн фонд тууралуу комментарий берип, коомго биринчи жолу ачыкка чыккан. Ал журналисттин фондду кандай максатта ачтыңыз, аброюңузду көтөрүү максатындабы? – деген суроосуна мындай деп жооп берген:

"Аброюңду көтөрүүнүн андан да арзан жолдору бар. Балким, убакыт келгендир. Экинчиден, жубайым ушул жерден. Качандыр бир убакта башташ керек да, балким, убакыт келгендир".

Соңку жылдары Ширшовдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү кайрадан жанданганы ар кандай талкуулрга жем таштап келет. Садыр Жапаровдун айтымында ал президент болуп шайлангандан кийин, 2021-жылдын аягында ортомчулар аркылуу байланышып, өлкөгө кайтып келүүгө даяр экенин билдирген. Ал президентке Максим Бакиевге таандык делген чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активдерди кайтарууга жардам берүүнү сунуштаган. Кийин Ширшов мамлекетке активдерди кайтаруу боюнча укук коргоо органдары менен кызматташкан.