"Түйүлдүктө эле жок кылабыз". Эмне үчүн грузин бийлиги орустарга каршы маанай жөнүндө сөз козгой баштады?

Сүрөттүн булагы, Daro Sulakauri/Getty Images
- Author, Нина Ахметели, Би-Би-Си, Тбилиси жана Батуми
- Published
- Окуу убактысы: 9 мүнөт
"Орустарга каршы маанай" (русофобия) термини көптөн бери Кремлдин риторикасынын бир бөлүгү болуп калды, бирок акыркы убакта бул сөз Грузияда барган сайын көп жаңырууда. Грузия анын аймагынын бештен бир бөлүгүн Орусия басып алды деп ырастап келет.
Батуминин жээгинде грузин тилине караганда орус тилин көбүрөөк угууга болот. Орусия менен Грузиянын ортосунда күн сайын ондогон учактар түз каттап турат.
Ошого карабастан акыркы айларда грузин бийлиги "буйрутма менен орустарга каршы жек көрүү маанайы жайылып жатат", - деп, бул көрүнүшкө каршы күрөшө баштады.
14-сентябрда бул тема боюнча теледебат маалында премьер-министр Ираклий Кобахидзе "Биздин максатыбыз – орустарга каршы маанайды башынан эле жок кылуу", - деп билдирди.
Премьер-министрдин ырасташынча, грузин коомунда орустарга каршы кастык маанайы жок, бирок оппозиция жана бийликти сындап жүргөн медиа каражаттары Грузияга келген орусиялык туристтерге каршы нааразычылыктарды уюштуруу менен жасалма түрдө бул өнөктүктү күчөтүп жатышат.
Орусиялыктарга каршы өнөктүктүн буйрутмачысы катары ал "дип стейтти" (англисче deep state – тереңдеги мамлекет) атады. Бийликтин версиясы боюнча, Грузияны Орусияга каршы согушка тартууга жана бул жерде Украина менен согуштун "экинчи фронтун" ачууга аракет кылган чет өлкөдөгү кандайдыр бир кыйратуучу күч бар.
"Эл эмес, чет элдик агенттер нааразылык акцияларын уюштуруп жатат, андан кийин ошол агенттер медиа катары буларды чагылдырууда", - дейт премьер-министр.
Бийлик мындай билдирүүлөрдү Орусиядан келген туристтердин агымы көбөйүп, Грузиянын Европа Биримдигине кирүү келечеги белгисиз болуп жаткан чакта жасады.
Орусиялыктар үчүн анкеталар

Батумидеги белгилүү фитнес-клубдардын биринин ээси Георгий Путкарадзе анын клубунда машыгууну каалаган орусиялыктар кол коюуга милдеттүү болгон текстти көрсөттү. Анда мындай деп жазылган: "Мен, Орусия Федерациясынын жараны, Грузиянын аймагында жүрөм, Грузияга, грузин элине жана алардын эркиндигине болгон сый-урматымды билдирем, алардын меймандостугун баалайм. Грузия менен Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдойм".
Мындай талап Орусия Украинага бастырып кирген биринчи күнү эле пайда болгон. Путкарадзенин айтымында, орусиялыктардын бир бөлүгү бул талапты терс кабыл алышкан, бирок макул болгондор да көп.

Сүрөттүн булагы, Irakli Gedenidze / POOL / AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиялыктар үчүн атайын анкеталарга байланышкан окуя уникалдуу эмес. Мисалы, Латвия менен Литвада мындай талаптар мамлекеттик деңгээлде киргизилген – Орусиянын жарандары убактылуу жашап турууга уруксат алып жатканда атайын сурамжылоону толтурушат. Бирок, Украинада согуш башталгандан кийин Грузияда мындай демилгелерди негизинен жеке тармактын өкүлдөрү көтөрө башташты.
Ошол эле учурда коомчулуктун бир бөлүгү жана оппозициялык саясатчылар бийликти орусиялыктар үчүн виза режимин киргизүүгө үндөп келишет.
Бийлик мындай кадамга барган жок. Ал тургай 2023-жылдын май айында Европа орусиялык авиакомпаниялар үчүн асманын жаап жаткан чакта Грузия менен Орусиянын ортосунда төрт жылдык тыныгуудан кийин түз каттамдар жанданган.
Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары 2019-жылдын жайында "Гаврилов түнү" деп аталып калган ири нааразычылык акцияларынан кийин Москванын демилгеси менен токтотулган. "Гаврилов түнү" – бул Православ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Гаврилов Грузиянын парламентинин төрагасынын креслосунда отурганы тартылган видеодон кийин башталган масштабдуу нааразычылык акциясы.
Ошондо Кремль Грузияда "орустарга каршы кастык маанайы атайын күчөтүлүп", "радикалдуу саясий күчтөр өз билгенин жасап жатканын" билдирген. "Грузин кыялы" партиясы парламентте болгон окуяны "протоколдук ката" деп атап, ал эми парламенттин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматынан кеткен.
Бирок Кобахидзе партияда таасирдүү фигура бойдон калып, кийин партиянын төрагасы, ал эми 2024-жылдын февралында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалган.
"Бул жерде орусча эркин сүйлөшөт"

Грузиянын Улуттук туризм ассоциациясынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Орусиянын 600 миңден ашык жараны келген. Ал эми өткөн жылы алардын саны бир жарым миллиондон ашкан.
Би-Би-Си кепке тарткан орусиялык туристтердин көпчүлүгү жергиликтүү тургундардан кас маанайды байкабаганын айтышты.
Акыркы чуулгандуу окуялардын бири Тбилисиде тараган видео болду. Ошол видеодо мас абалындагы орусиялык адам "Орусияга даңк!" деп кыйкырып, кафеде отургандарга балкондон заара ушатып жатканын көрүүгө болот.
Видео грузин коомунда чоң нааразычылыкты жаратты. Орусиянын маалымат мейкиндигинде болсо бул окуя чагылдырылган жок, бирок ушул жайда Кахетиде болгон башка жаңжал орусиялыктардын назарын бурган.
Орус тилдүү кыздын жаагына чапкан эркектин видеосу Орусиянын телеграм каналдарында жана социалдык тармактарында тез эле тарап кеткен. Орусиялык блогерлер Грузияда орустарга карата жек көрүү маанайы күчөгөнүн, ошол себептен бул өлкө кооптуу болгонун, ал эми медиа каражаттары орусиялыктар ал жакка саякаттардан баш тартып жатканын айта башташкан.
Социалдык тармактын колдонуучулары мындай постторду жазгандар грузиндерге мүнөздүү эмес лексиканы колдонорун дароо байкаса, Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы өз кезегинде саботаж беренеси боюнча тергөө иштерин баштаган.
Мекеменин версиясы боюнча, посттор чет өлкөдө түзүлгөн фейк аккаунттар аркылуу таратылып, аларды өлкөнүн тышында катталган миллиондогон аудиториясы бар онлайн-медиа координациялап турат.
Мамлекеттик коопсуздук кызматы мындай өнөктүк Грузияда орусиялык туристтер үчүн жагымсыз чөйрө түзүлгөндөй таасир калтыруу максатын көздөгөнүн ырастайт.
Он миңдеген орусиялыктар орун тапкан өлкө

Сүрөттүн булагы, Daro Sulakauri/Getty Images
Орусиялык туристтер Грузияда эс алуудан жапырт баш тартып жатканы тууралуу маалымат каражаттарына чыккан кабарларга карабастан, августта бул өлкөнү эс алуу үчүн тандаган туристтерди саны 40 пайызга көбөйгөнүн "Ингосстрах" компаниясы жана "Островок" онлайн-брондоо сервиси эсептеп чыкты.
Бирок Орусиядан Грузияга эс алуу үчүн гана келишпейт. Акыркы жылдары Грузия орусиялык иммиграциянын бир нече толкунун башынан өткөрдү. Эң масштабдуусу 2022-жылы болду: Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялаганда он миңдеген орусиялыктар Грузияга агылып келишкен.
2024-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча, өлкөдө Орусиянын дээрлик 38 миң жараны жашайт – бул Грузияда туруктуу жашаган чет элдик жарандардын эң ири тобу.
NF Group консалтинг компаниясынын маалыматына ылайык, Грузияда жашаган орусиялыктардын басымдуу бөлүгү кыймылсыз мүлктү сатып алууда.
Бирок бул көрүнүш жергиликтүү элдин баарына эле жага берген жок.
"Бири-биринен сатып алып, бири-биринен ижарага алышууда. Алар көптөгөн кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө жергиликтүүлөрдү сүрүп чыгарышты, - дейт Батуми шаарынын тургуну, синхрондук котормочу жана англис тилинин мугалими, туристтик сезондо англис тилиндеги гид болуп иштеген Саломе Горгиладзе. – Чындыгында, алар өзүнчө аралда жашашат, өзүнчө автономияларын түзүшүүдө, өзүнүн кафелери, ресторандары, ижарага берилүүчү жайлары бар жана алар жергиликтүү калкка кошулушпайт".

Сүрөттүн булагы, Mirian Meladze/Anadolu Agency via Getty Images
Орусиядан Грузияга 2015-жылы көчүп келген, Батумидеги ресторандын ээси Владислав Зубов орус тилдүү жамааттар өлкөнүн калган бөлүгүнөн обочолонуп жашайт деген пикирге кошулбайт.
Зубов Москванын Грузияга карата саясатын колдобойт жана Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны оккупациялап жатканын ачык айтат. Зубов өзү эч качан тегине байланыштуу орой сөз укпаганын, бирок мындай окуялар Украинадагы согуштан жана Орусиядан келген мигранттардын саны көбөйгөндөн кийин көбүрөөк болуп жатканын кошумчалады.

Саясат таануучу Гия Нодиянын айтымында, иммигранттардын күтүүсүз жана ири агымы бардык эле өлкөдө жергиликтүү элдин кескин реакциясын жаратат. Ошол эле учурда, анын айтымында, грузиндердин көпчүлүгү орус мамлекетине жана орустарга адам катары ар башкача көз карашта.
"Бул терминдин мазмуну (русофобия – Би-Би-Си) эки өтө маанилүү теманы бөлүп ажыратпаган манипуляциялоо сыяктуу. Бир жагынан Орусиядан коркуу сезими бар, менимче, карапайым грузиндердин баарын бул көз караштан алганда русофоб деп айтса болот, себеби биз Орусия коркунучтун булагы экенин көрүп жатабыз", - дейт ал.
Ошол эле маалда, саясат таануучунун пикири боюнча, согуш башталгандан кийин он миңдеген орусиялыктар Грузияны тандап, бул жерде жашоосун улантып жатканынын өзү алардын көпчүлүгү өздөрүн бул жакта кыйла ыңгайлуу сезип жатышканын айгинелейт.

Орусиялык миграциянын толкунуна этияттык менен мамиле кылуунун бир себеби – Москва муну Грузияга каршы колдонушу мүмкүн.
"Эгерде бул жерде орусиялыктар көбүрөөк отурукташа баштаса, анда Орусия мамлекети аларды "коргоп чыгышы" мүмкүн деген түшүнүк бар. Кремль Грузияга кандайдыр бир кийлигишүү же басым жасоо үчүн муну шылтоо катары колдонушу ыктымал", - дейт саясат таануучу Гия Нодия.
Орус бийлиги Балтика өлкөлөрүнө, Украинага жана Грузиянын өзүнө карата "орустарга каршы кастык маанай" деген терминди бир нече жолу колдонуп, Орусияга каршы нааразычылыктарды жана Орусиянын саясатына карата сын пикирлерди ушул термин менен түшүндүрүп келет.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова октябрда өткөн брифингде "чөлкөмдүн тышындагы оюнчулар" Москва менен Тбилисини "русофобдук авантюраларга" тартууга аракет кылып жатканын айтты.
№ 1 душман

Сүрөттүн булагы, Jon Jones/Sygma via Getty Images
Жазуучу Фридон Кардава (каймана аты – Карда Кардухи) – 1990-жылдардын башында Абхазиядагы согуштун катышуучусу жана жер которууга мажбур болгондордун бири. Согуштук аракеттер башталганда тарых факультетинин студенти Кардава өз ыктыяры менен согушка жөнөп кеткен.
"Орусия мамлекети мага Абхазиядагы чоң аталарымдын жана чоң апаларымдын мүрзөлөрүнө барууга уруксат бербей жатат. Мен бул мамлекетти жактырбайм, бирок эч качан орус элин жана орус тилин жек көргөн эмесмин", - дейт ал.
Абхазиядагы согуш ар кандай эсептер боюнча сегиз миңден 30 миңге чейин адамдын өмүрүн алып кетти. 300 миңден ашуун адам, негизинен этностук грузиндер үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Кардава ошол согушта Грузиянын башкы душманы Орусия болгонуна ишенет.
Орусия расмий түрдө ортомчу болгон, бирок Тбилиси Москваны Грузияга каршы жарыяланбаган согуш жүргүзүп, сепаратисттик күчтөрдү колдоп, анын ичинде курал-жарактарды жеткирип турган деп айыптаган. Орусия бейтарап ортомчу болбогонун эл аралык уюмдар да өз баяндамаларында белгилешкен.
Кардава азыр Украинада болуп жаткан окуяларда да ушуну көрүүдө: "Орусия Грузиянын да, Украинанын да эркин болушун каалабайт, аларга ээлик кылгысы келет".

2008-жылдагы кыска, бирок кандуу орус-грузин согушунан кийин жүздөн ашык грузин айылы Москванын жана Түштүк Осетия менен Абхазиянын де-факто бийлигинин көзөмөлүнө өткөн. Этностук грузиндер жашаган айрым айылдар дээрлик толугу менен өрттөлгөн. Согуштан качкан грузиндердин басымдуу бөлүгү кичи мекенине кайтып келе алышкан жок.

Сүрөттүн булагы, Nicolo Vincenzo Malvestuto/Getty Images
Грузиянын бийлиги тынчтыкты сактоо аракетин жана Москва менен мамиледеги прагматикалык саясатты өзүнүн негизги жетишкендиктеринин бири деп эсептесе, алардын сынчылары, тескерисинче, мындай мамиле Абхазия жана Түштүк Осетия маселесинде жылыш алып келбестен, Грузия үчүн кырдаалды начарлатты дешүүдө.
"Оккупацияланган аймактардын маселеси азыр деле жүрөктү ооруткан тема бойдон калууда. Мындан тышкары, азыр биз Орусия оккупациялоодон аннексиялоого өтүп жатканын көрүүдөбүз", - дейт Европа-Грузия институтунун жетекчиси Георгий Мелашвили.
Прагматизмдин куну

Сүрөттүн булагы, Sebastien Canaud/NurPhoto via Getty Images)
Он миңдеген орусиялыктар Грузияда жаңы жашоону баштап жаткан чакта, Тбилисинин борборунда дээрлик эки жылдан бери Европаны жактагандардын нааразычылык акциялары өтүп келүүдө. Бул жерде европалык, грузин жана украин желектери менен катар Орусиянын оккупациясына каршы плакаттарды да көрүүгө болот.
Акыркы эки жылда Грузияда митингдерде жүздөгөн демонстранттар, анын ичинде бир нече орусиялыктар кармалган. Көптөгөн оппозициячыл маанайдагы орусиялык активисттерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Айрымдары коопсуздугунан коркуп, Грузиядан өздөрү эле чыгып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, Mirian Meladze/Anadolu Agency via Getty Images
Грузия 2023-жылдын аягында Евробиримдикке мүчө болууга талапкер мамлекеттин статусун алган, бирок ЕБнын жетекчилигинин баасы боюнча, бул статус бүгүнкү күндө кагаз бетинде гана кала берүүдө.
Ошол эле учурда Орусия менен экономикалык байланыштар да өнүгүүдө. Эксперттер Орусия рыногуна ашыкча көз каранды болуунун жана Грузия аркылуу Орусияга киргизилген эл аралык санкциялардан буйтап өтүүнүн тобокелдиктери тууралуу эскертип жатышат.
Economic Policy Research Center уюмунун баалоосу боюнча, Орусиядан экономикалык көз карандылык жогору бойдон калууда, ал эми айрым стратегиялык тармактарда кризистик деңгээлге жетти. 2026-жылдын биринчи жарымында Грузиянын тышкы соодасынын болжол менен 11,8 пайызы жана грузин шарабын экспорттоодон түшкөн кирешенин дээрлик 60 пайызы Орусияга туура келген.
"Мен Грузиянын экономикасы толугу менен Орусиянын экономикасына көз каранды деп ойлобойм. Бирок Грузиянын экономикалык процессинде Орусиянын үлүшү азайышы керек. Эгер андай болбосо, Грузия бул үчүн саясий баада эсептешип калат", - дейт Transparency International Georgia уюмунун аймактык кеңсесинин менеджери Звиад Коридзе.
Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы

































