"Жылытуу системасынан түтүн чыгып, жарылган". Сокулукта мектептен өрт чыкты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы орто мектепте 29-октябрь күнү чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Мектептен чыккан өрт саат 12:09да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүү бөлүмү жана Кризисттик кырдаалды башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Кожомкул айыл өкмөтү тараткан маалыматта өрт Военно-Антоновка орто мектебинде саат 11.30-11.35 чамасында чыккан.

"Ошол убакытта өрт чыккан кабинетте 5–"Д"классында математика сабагы болуп жаткан. Математика сабагынан берген мугалим Бегалиева Зарина Камчыбековнанын айтымында, жылытуу системасынан түтүн чыгып, жарылган. Ошол убакытта класста 28 бала бар болчу. Жабыркагандар жок", - деп жазылган айыл өкмөтү тараткан маалыматта.

Маалыматта мектеп персоналы 1200 окуучуну эвакуациялап, өрт өчүрүүчүлөр келгенче жалынды колдо бар каражаттар менен өчүрүүгө аракет кылышканы белгиленген.

"Өрт жылуулук системасынан чыгыптыр деп жатышат. Азыр эле ошол жактан келдик. Жабыркагандар жок. Мектеп электр энергиясы менен жылыйт", - деди Би-Би-Сиге Кожомкул айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Наргиза Баткыркулова.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда

Военно-Антоновка жалпы билим берүү мектеби 1965-жылы курулган. Имарат 2 кабат, дубалы кирпичтен. Мектепте 2612 окуучу окуйт, 127 мугалим иштейт.