Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Садыр Жапаров эл менен жолугушуулары шайлоого байланыштуу эмес экенин билдирди
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен жолугушууларын шайлоо алдындагы үгүт эмес, президенттик милдеттеринин бир бөлүгү деп эсептейт. Бул тууралуу ал Super.kg сайтына берген маегинде айтты. Ал алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын айтып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн билдирди.
Маекте президентке эл менен жолугушуулары шайлоо алдындагы үгүт иштерине окшоп жатканы, ошондой эле алдыдагы шайлоодо саясий атаандаштык кандай болору тууралуу суроолор берилген.
Жапаровдун айтымында, ал жыл башынан бери өлкөнүн райондорун кыдырып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп келет.
"Эгер мен эл менен жолугушууларда "Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем" десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок", - деди президент.
Ал мамлекеттик кызматкерлерди шайлоодо белгилүү бир талапкерди колдоого мажбурлоо болбой турганын айтып, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керектигин белгиледи.
Жапаров шайлоо системасынын автоматташтырылышы добуш берүүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталганын да кошумчалады.
Президенттик кызматта туруп шайлоого катышуу тууралуу суроого жооп берип жатып, Жапаров азыркы укуктук макамы 2021-жылдагы абалдан айырмаланарын айтты. Анын түшүндүрмөсүндө, ал кезде премьер-министр жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болгондуктан, шайлоого катышуу үчүн президенттик кызматын тапшырган. Ал эми азыр жалпы эл шайлаган президент катары ыйгарым укуктарын кийинки президент ант бергенге чейин аткарууга укуктуу экенин билдирди.
Алдыдагы шайлоодо атаандаштык жетиштүү болоруна ишенесизби деген суроого Жапаров талапкерлерди каттоо аяктай электигин айтып, башка талапкерлер да чыкса керек деген оюн билдирди.
"Мен ар бир талапкер олуттуу атаандаш болот деп ойлойм", - деди ал.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулары шайлоо алдындагы үгүт эмеспи деген суроолор коомдо талкууланууда.
Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында эл менен жолугушуп, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берген. Анын аймактардагы жолугушуулары президенттик шайлоонун алдында өтүп жатканына байланыштуу бул иш-чаралардын максаты тууралуу суроолор көтөрүлгөн.
Учурда президенттик шайлоого катышууну каалагандар Борбордук шайлоо комиссиясына арыздарын тапшырып жатат.
27-октябрда Эсенбеков Азамат аттуу жаран өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.
Ал эми шайлоого катышуу арызы менен биринчи болуп, 14-октябрда ишкер Аймен Касенов арыз жазган.
Ага чейин президент Садыр Жапаров, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Суваналиев, Финполициянын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев шайлоого катышуу ниеттерин жарыялаган. Ошондой эле ишкер Акай Кыдыров шайлоого катышуу үчүн "Кыргызтестте" тил билүү деңгээли боюнча сынак тапшырганын билдирген. "Кыргызтестте" мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-депутат Исхак Масалиев да сынак берип чыккан. Алар шайлоого катышуу ниетин ачык жарыялаша элек.
Ал эми талапкер болууну каалаган адам эгер "Кыргызтест" сынагын мурда тапшырып, сертификат алган болсо, тест тапшырбайт.
2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда, башкача айтканда 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан БШКнын эсебине бир миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.