"20дан көбүрөөк аймак түзүлөт". Кыргызстанда облустарды жана райондорду жоюу пландалууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда административдик-аймактык реформа улантыла турганын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев "Кабар" агенттигинин эфиринде билдирди. Анын айтымында, реформанын кийинки этабында бардык облустарды жана райондорду жоюу каралууда.
Жантаевдин маалымдашынча, бул долбоор 2027-жылдын акырында ишке ашып калышы мүмкүн.
"Кайталоочу бир орган жоюлат. Аймак дегенден кийин бул райондон чоңураак, облустан кичирээк болот. Аймак дегенде 40 район түзүлбөйт, бирок 20дан көбүрөөк аймак түзүлөт. Ошол аймактын, ошол региондун өзүнүн потенциалына жараша", - деди Элчибек Жантаев.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алкагында облустар менен райондор жоюлуп, алардын ордуна 20га жакын округ түзүлүшү мүмкүн экенин апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров да билдирген.
Президент алгач бир округ түзүлүп, анын иши эки-үч жыл пилоттук негизде текшерилерин айткан. Бирок округдардын саны жана алардын административдик түзүмү азырынча акыркы чечим катары бекитиле электигин кошумчалаган.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын алгачкы этаптары 2023–2024-жылдары жүргүзүлүп, айыл аймактары менен шаарлар ирилештирилген.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, реформанын жыйынтыгында өлкөдө 235 айыл аймагы жана 33 шаар түзүлгөн.
Мындай өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасындагы айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзам кабыл алган.
Министрлер кабинети реформанын максаты аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу экенин билдирген.































