Испанияда эки поезд кагылышып, ондогон адам каза болду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Испанияда Мадридди өлкөнүн түштүгүндөгү Андалусия аймагы менен байланыштырган темир жолдо эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышты. Бийликтин маалыматына караганда, кырсыктан кеминде 30 адам каза болду.

Кастилия-Ла-Манча аймагынын өкмөтү кырсыктан каза болгондордун саны 30га жеткенин билдирди. Буга чейин бийлик 10 адам каза болгонун маалымдап, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.

"Кырдаал мындан ары да оорлойт", - деген Кастилия-Ла-Манча аймагынын өкмөтүнүн өкүлү Эстер Падилья.

Шаршемби күнү эртең менен темир жол инфраструктурасынын оператору Adif "Мадрид - Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамында эки поезддин кагылышуусунан кийин кыймыл токтотулганын" билдирди.

Renfe жана Iryo компанияларына таандык поезддер Мадридден түштүктү көздөй болжол менен 140 чакырым алыстыкта жайгашкан Урда шаарына жакын жерде, саат 9:00дөн көп өтпөй кагылышкан.

Өлкөнүн түштүгүн көздөй Мадридден чыккан ылдам жүрүүчү поезд темир жолдо токтоп турган башка поезд менен кагылышкан. RTVE телеканалынын маалыматына караганда, Iryo компаниясынын поездине Renfe компаниясынын поезди келип урунган. Кагылышуунун натыйжасында Iryo поездинин кеминде эки вагону оодарылып, темир жолдун жээгиндеги дөңсөөдөн кулап түшкөн.

Кастилия-Ла-Манча аймагынын бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жеке Iryo оператору тейлеген поездде 147 жүргүнчү, ал эми Renfe компаниясынын ылдам жүрүүчү поездинде 397 адам болгон. Аймактык өкмөттүн өкүлү каза болгондордун саны "дээрлик сөзсүз көбөйөрүн" билдирди.

Бул кырсык ошол эле каттамда аталган операторлордун ылдам жүрүүчү поезддеринин катышуусунда дагы бир авария болгондон тогуз ай өткөндөн кийин болду. Ал кырсыктан 46 адам каза болгон.

"Толедодо болгон оор темир жол кырсыгына терең кайгырып турам", - деп жазды Испаниянын премьер-министри Педро Санчес X социалдык тармагына.

"Өзгөчө кырдаалдар кызматтары окуя болгон жерде иштеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте алардын коопсуздугун камсыз кылууда. Кырсыктан жабыркагандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кайгысын тең бөлүшүп, аларга тилектештигимди жана колдоомду билдирем", - деп жазды ал.

Кастилия-Ла-Манча аймактык телеканалы көрсөткөн кадрларда рельстен чыгып кеткен поезддин вагондорунун бири темир жолдун бийик жеринде калып калганы көрүнөт. Анын астындагы дөңсөөдө майышкан металлдар, панелдердин сыныктары жана поезддин башка бөлүктөрү чачылып жатат.

EFE агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандардын көп келишине байланыштуу аймактагы ооруканалар пландуу операцияларды убактылуу токтотушкан.

Маалыматтарга ылайык, Толедо, Сьюдад-Реаль жана Алькасар-де-Сан-Хуан шаарларындагы медициналык мекемелер поезд кырсыгынан жабыркагандар келе баштагандыктан, пландуу операцияларды токтотушкан.

Шаршемби күнү эртең менен Мадриддеги Centro de Transfusión кан куюу борбору X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө «медициналык жардамга болгон муктаждык күтүүсүздөн көбөйүшү мүмкүн экенине байланыштуу» жарандарды кан тапшырууга чакырды. Испаниянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, Толедодогу кан банкы да кырсыкка байланыштуу кан тапшырууга чакырууда.

Урда шаарынын мэри Мануэль Галан Cadena SER радиосуна берген маегинде өзгөчө кырдаалдар кызматтары шаар бийлигинен жүргүнчүлөрдү жана жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн имараттарды даярдоону, анын ичинде спорт залын пайдаланууну суранышканын билдирди.

Испания өкмөтүнүн сайтындагы маалыматка ылайык, премьер-министр Санчестин күн тартибиндеги бардык пландалган иш-чаралар жокко чыгарылган. Оппозициядагы Элдик партиянын өкүлү да шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар токтотулганын билдирди.

AFP агенттигине өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү «колдо болгон бардык ресурстар ишке тартылганын» айтты. Алардын арасында бир нече өрт өчүрүү тобу, үч тик учак жана реанимациялык жардам көрсөтүүчү эки көчмө бригада бар.

Испаниянын саламаттык сактоо министри Моника Гарсия кырсык болгон жерден тартылган кадрлар "ири масштабдагы трагедияны" көрсөтүп жатканын билдирди.