"Бийик туруп жөнөкөй эле". Кыргыз эли Роза Айтматова менен коштошту

Сүрөттүн булагы, Courtesy image
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
Айтматова Роза Төрөкуловна. Көпчүлүк аны мамлекеттик ишмер, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун кызы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы катары тааныйт. Бирок ал жөн гана улуу фамилиянын мураскери эмес эле. Ал өзүнчө бүтүндөй бир доор, бир тагдыр эле. Мына бүгүн, ошол доор кулады.
Арийне, анын артында агартуучулук иштери, педагогика тармагына арнаган ондогон жылдары, аялдардын укугун коргоого багытталган эмгектери жана эң негизгиси, Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн тагдырын гана эмес, бүтүндөй бир улуттун эстутумун сактап калууга аракет кылган эскерүү китептери калды.
"Бүгүнкүнүн Каныкейи, Курманжаны"
Коомдук ишмер, агартуучу, физика илимдеринин кандидаты Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-октябрда Бишкектеги Опера жана балет театрында өттү. Ал 89 жаш курагында дүйнө салды. Аны менен коштошуу үчүн жакындары, маданият өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер келишти. Алар Роза Айтматованын эл үчүн жасап кеткен иштеринен кеп кылып, эскерип жатышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованы Каныкейге, Курманжан Даткага салыштырды.
"Албетте, бул киши ириде агартуучу, окумуштуу катары далай эмгек өтөп, жаштарды, кийинки муунду тарбиялады. Бирок Роза эже ириде өрнөктүү коомдук ишмер катары, кыргыз элине эне катары Каныкейдей, Курманжандай өрнөк көрсөтүүнүн жолун, салтын көрсөтүп кеткендиги менен улуу болду. Бул кишинин кайгысы, бул кишинин кубанычы кыргыз элинин кайгысы жана кыргыз элинин кубанычы", - деди Арслан Койчиев.
"Китеби ааламга ачуу чындыкты чыңырды"
Экс-президент Роза Отунбаева Айтматованын аялдардын укугун коргоого арнаган иштерин эскерүү менен катар анын "Тарыхтын актай барактары" китебинин мааниси жана орду тууралуу кеп салды. Ал Роза Айтматова ошол китепти кандай жоопкерчилик, кандай сезим менен жазганын эскерди.

"Китеп жөн эле баян эмес, ичтен сызылып чыккан муңканган күү болду. Ыйлап отуруп жазды. Өткөндү эскерүү ага оңой болгон жок. Ар бир сүйлөмү кан-тамыр аркылуу агылып келип, жүрөктөн чыкты. Китеп баштан аяк бүткүл аалам адамзатына бир ачуу чындыкты чыңырып тургансыйт. Тарыхтын калпыс окуялары келечекке сабак болууга тийиш. Мен билген, мен тааныган Роза эже абдан сезимтал, абийирдүү, абройлуу, ак ниет инсан болчу. Аялзаттын, эненин мыкты үлгүсүн көрсөтүп, өмүр кечирди. Эсенбек жездем менен Роза эжемдин Айгүл баштаган бир топ балдары, калың неберелери артында калып жатат. Кыргызстан тарыхында Роза Төрөкуловна өзүнүн өлбөс-өчпөс изин калтырып кетти. Биз сизди, Роза эже, унутпайбыз, дайыма эстеп жүрөбүз. Жаткан жайыңыз жайлуу, топурагыңыз торко болсун", - деди Отунбаева.
"Айтматовдорду тирүүдөй кылып алып жүрдү"
Мурдагы маданият министри, драматург Кайрат Иманалиев маркумдун коомго жасаган эмгегинен тышкары анын адамдык бийик сапаттарына токтолду:

"Чынын айтканда, Роза эже, Роза Айтматова каза болду дегенде жан дүйнөм өтөт эңшерилди. Анткени Роза эжени көргөндө биз Чыңгыз Айтматовду көргөндөй болуп калчубуз. Ошол улуу Айтматовдордун үй-бүлөсүн тирүүдөй кылып алып жүрөр эле. Төрөкул Айтматовду, Нагима Айтматованы, Чыңгыз, Илгиз Айтматовдорду эже көзү өткөнчө тирүүдөй кылып алып жүрдү да. Таяк таянып калса дагы Чыңгыз агайдын бир да иш-чарасында ошол бир тууганынын, үй-бүлөсүнөн бирөө келбей калды, ошол жакындары жок болуп калды дебесин деп, ооруп турса дагы барар эле. Анан бул киши, чынын айтканда, ошол чоң тарыхты кыргыз элине кайтарып кетти. Роза эже бийик туруп жөнөкөй эле, өтө терең жүрүп, абдан жупуну эле, бир мактанбаган, бир фамилиясын пайдаланбаган адам эле. Мындай адамды жоготуу - биз үчүн өтө чоң жоготуу", - деди Кайрат Иманалиев.
"Идеалдуу аял болчу"
Кыргызстандын эл артисти, маркум жазуучу, драматург Мар Байжиевдин жубайы Шайгүл Алсеитова Айтматованын кол тамгасы менен китеп алып, аны окуп таасирленгенин эстеп, анын идеалдуулугун, башкаларга үлгү көрсөтө алчу турпатын айтып берди.

"Жөн эле Айтматовдун карындашы эмес, кыргызга таанылган, акыл-эси менен ушунчалык бир асыл адам эле да, асыл жан эле. Оозунда сөзү бар, акыл-эси ордунда, ушунчалык жүргөн-турганы сыпайы. Бул кишини көргөндө адамдар өзүн оңдогусу келген, ага теңелгиси келип, ошого окшошоюн дегендей идеалдуу адам эле. Бул киши мыкты да жазган. Жана айтып өтүщпөдүбү, буларга Кудайым баарын берген экен деп. Айтматовдун өзүнө эле эмес, Айтматовдун үй-бүлөсүнө ушунчалык шыкты, талантты, баарын тең берген турбайбы деп. Эч нерседен куру эмес эле эже", - деди Алсеитова.
Роза, Розетта Айтматова ким болгон?
Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ага Роза деген ысымды Чыңгыз акеси ыйгарганын эскергени бар. Ал Чыңгыз агасы башка бир туугандарына үлгү болгонун, адилеттүүлүккө үйрөтүп, жол көрсөткөнүн айтып жүрчү.

"Мен жөнөкөй мугалим болдум. Өмүр бою. Анан сегизинчи мартта төрөлдүм деп жатпайымбы. Атымды да Роза коюшат. Анткени Роза Люксембург деген абдан белгилүү революционер, ошонун аты мода болуп турган окшойт ошол кезде. Атам төрөтканага барып, кыз төрөлгөнүн билип, анан үйгө келе жатса, Чыңгыз ойноп жүрүптүр. Ай, карындаштуу болдуң, атын ким коебуз десе, Роза дептир. Өзү айтып берген муну. Дароо эле Роза дедим дейт. Анан Испанияда жарандык согуш болуп жаткан, анан ошондо партизанка Розетта деген болуптур, ошону атын коелу деп, менин атым Розетта болуп калыптыр. Розетте Төрөкуловна, билбейм, жарашабы, жарашпайбы", - деген Роза Айтматова журналист Эрнис Кыязовго берген маегинде.
Атасы Төрөкулга болгон кусалык аны китеп жазууга түрттү
1996-жылы берген маегинде Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматовду түшүндө көргөнүн эстеп, көзүнө жаш алган экен. Атасынан алты айында ажырап, көрбөй калган кичинекей Розанын атасына болгон кусалыгы, арманы ушул маегинде даана көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, Youtube
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Түшүмдө да эми. Көчө жакты карасам, менин атам келатат. Баягы согуштан келаткан кишилерге окшоп, солдат формасын кийген, артына рюкзак асынган, сүрөтүндөгүдөй чачы тармал, жакшынакай супсулуу киши экен. Мен тааныдым. Таанып эле атамды көздөй жүгүрдүм. Жүгүрүп баратканда эле чаң көтөрүлүп эле жоголуп баштады. "Ата", "ата" деп, жоготуп алат экенмин деп коркуп, жүгүрөм. Анан ошентип, көпүрөнүн эң жогорку жерине келгенде атам да келди, мени көтөрүп алып, кучактап, анан өйдө ыргытып, кайра тосуп алды. Ошо кезде кыйкырган окшойм, апам ойготуп жиберди. Анан апама айтып берсем, апам: "Оой, абдан жакшы түш көргөн турбайсыңбы, атаң сени сагынган окшойт, сен жөнүндө ойлогон окшойт" дейт. А мен ичимен дайыма ойлочу элем, мени көрбөй калды, кичинекей элем, алты айлык кезим, мени унутуп калды го атам деп ойлочумун. Эмне үчүндүр, дайыма коркчумун улуу балдарын эстейт, мени болсо, унутуп калды го деп. Анан ошол үчүн болуш керек апам суроо бердим: "Кандай дейсиң, чын эле атам мени ойлойбу же унутуп калдыбы?" деп. Анан апам айтты: "Кантип унутуп калсын, сени баарынан көп эстейт, сен кичинекей болочусуң да" деди. Анан мен эмне үчүндүр дайыма коркчу элем, мени унутуп калды го атам деп. Апам: "Сени атаң аябай жакшы көрөт, эскерет деп, мени аябай сооротту", - деп айтып берет Роза Айтматова.

Сүрөттүн булагы, auca
Ушул эле маекте Роза Айтматова атасы жана апасы Нагима тууралуу эскерүүлөрдү жазып баштаганын айткан экен. Кийин ошол эскерүүлөрдү китеп кылып чыгарып, элге тартуулайт. Анын "Тарыхтын актай барактары" аттуу эмгеги сталиндик репрессиялардын көлөкөсүндө калган бүтүндөй муундун тагдырын, тарыхый чындыкты баяндайт. Ошол эле учурда китепте адамдык нарк, үй-бүлөлүк ынтымак, ата мурасына болгон урмат жана улуттук эстутум тууралуу терең ойлор камтылган.
"Төрөкул Айтматов жөнүндө сөз болгондо тарыхчылар деле, биздин мамлекеттин жетекчилери деле Төрөкул Айтматов мамлекеттүүлүктүн пайдубалын салгандардын бири жана Чыңгыз Айтматовдун атасы деп эле коюшат. Башка ал киши эмне кылган, кандай иштерди аткарган, пайда келтиргенби, жокпу, ошону айтышпайт. Анан мен могу "Тарыхтын актай барактарын" жазганда, бул жерге мен эми беш айлык кезимде калгам, атамды сүрөттөн эле көрчүмүн да, бирок апамдын айткандары, эжелеримдин айткандары эсимде, бир топ архивдик материалдарды карадым. Негизинен адам катары үй-бүлөдө кандай киши болгонун жаздым да. Анан апамдын тарыхын жаздым. Анан биздин үй-бүлөнүн тарыхы. Бирок атамдын ишмердиги жөнүндө бул жерде аз эле, үстүртөн эле көрсөтүлүп кетти. Анан мен ошол маселени карайын деп, "Атам жөнүндө" деген кичинекей китепче жаздым. Ал жерде атам атам кандай жумуштарды аткарганын жаздым", - деген экен Роза Айтматова 2020-жылы НТС каналына берген маегинде.
Роза Айтматова аялдардын укугун коргогон ишмер болгон
Чыңгыздын Розасы, Төрөкулдун Розеттасы өлкөдө аялдар укугун коргоого жасалган иштердин башында тургандардын бири болгон. Анын коомдук ишмердигинин негизги багыты аялдардын укугун коргоо, гендердик теңчилик жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө менен байланыштуу.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ал Владимир Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин окуп, 1996-жылы кесиптештери менен биргеликте "Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору" коомдук уюмун негиздеген. Уюм аялдардын укуктук маалымдуулугун жогорулатууга, алардын коомдук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерди жүргүзгөн.
Роза Айтматова эмгек жолун Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында баштаган. 1977-жылы өзү билим алган педагогикалык институтта иштей баштаган. Окутуучу, доцент, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип, кийин институттун тарбия иштери боюнча проректору кызматын аркалаган. 1995-жылы Бээжинде өткөн Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференцияга катышкан. 1999-жылга чейин жогорку окуу жайында иштеген.
Атасын репрессия жалмап, балалыгы согуш жылдарына туш келген Роза Айтматова апасы Нагима Айтматова менен Таластагы алыскы айылдардын бири Жийде деген жерде чоңойгон. Өзүнүн айтып бергендерине караганда, ал жерде он жылча туруп, кийин Чыңгыз Айтматов окууну бүтүп келип, алып кеткен. Ал колуна гүл көтөрүп, атасы менен агасын "Ата-Бейитке" келип эскерип турчу.

"Он минутадай убакыттан кийин апам чыкты, колуна эки кагаз кармап. Бирөөсү "өлгөндөн кийин реабилитация болгондугу жөнүндө". Экинчиси, "өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк". Ошол күбөлүктөгү эки пункт дайым көз алдымда. Ал кагазда мындай деп жазылып турат: "Причина смерти неизвестна. Место смерти неизвестно" деп жазылыптыр. Жыйырма жыл күткөндүн баары эки кагаз менен бүттү. Жаткан жерин таппайбыз деп түңүлүп калганбыз. 1971-жылы апам каза болду. Кийинки жылы атамдын жаткан жайын таппасак дагы, апам менен бир мүрзөдө деп эсептейли дедик. Ошол жерге экөөсүнө тең эстелик орнотконбуз. Анан күтүлбөгөн жерден 1991-жылы сөөгү табылып калды", - деген Роза Айтматова Би-Би-Сиге берген маегинде.
Роза Айтматова өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин Айтматовдордун тарыхый мурасын сактоо жана жайылтуу иштерине жигердүү катышып келди. Ал эми "Тарыхтын актай барактары" китеби анын ошол багыттагы эң баалуу мурастарынын бири болуп калды. Бул эмгек аркылуу ал атасы Төрөкул Айтматовдун гана эмес, репрессиялардын курмандыгы болгон бүтүндөй муундун элесин тарых бетинде түбөлүккө калтырды.
































